1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

21

Студенттин жумуш ордун уюштуруу (ОРМ): теория менен кесиптик практиканын өз ара байланышын бекемдөө

2025-жылдын 25-ноябрында Манас шаарындагы ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» филиалында «Камсыздандыруу» дисциплинасынын алкагында студенттин жумуш ордун уюштурууга (ОРМ) багытталган практикалык (семинардык) сабак өткөрүлдү. Иш-чарага "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин" илимий билим берүү өндүрүштүк  комплексине караштуу Экономика жана укук институтунун 580100 -«Экономика» багыты, «Каржы жана кредит» адистигинде окуган ФКк-1-22 тайпасынын студенттери катышты.

Сабакты дисциплина окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу доцент Абдырахманова Г.Б. алып барды.

Сабактын максаты — камсыздандыруу компаниясында жумуш процессин уюштуруунун практикалык өзгөчөлүктөрүн студенттерге көрсөтүү, теориялык билим менен реалдуу иш тажрыйбасынын ортосундагы байланышты бекемдөө жана студенттердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу.

Алдыңкы адистер - Манас шаарындагы ААК «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» филиалынын корпоративдик сатуулар секторунун жетекчиси Султанова Салтанат Афтандиловна жана инспектор Бакыев Бакытбек Абдыманапович студенттердин алдында чыгышты. Алар практикалык тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстандагы камсыздандыруу ишмердигин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге ОСАГО, КАСКО, турак жайды камсыздандыруу сыяктуу камсыздандыруунун түрлөрү, ошондой эле алардын формалары, шарттары жана ишке ашыруу механизмдери тууралуу кеңири маалымат берилди. Айрыкча практикалык жагына, камсыздандыруу инспекторлорунун типтүү милдеттерине жана кардарларды тейлөө өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Сабак «Жоопкерчилик камсыздандыруусу» темасынын алкагында өтүп, студенттерге теориялык билимдердин камсыздандыруу уюмдарынын иш-аракетинде кандай колдонуларын практикалык мисалдар аркылуу көрүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

 Сабактын максаты толук аткарылды: студенттер камсыздандыруу уюмунун ишинин түзүмү менен таанышып, камсыздандыруунун түрлөрү боюнча тереңирээк түшүнүк алышты, практикалык кырдаалдарды талдоону үйрөнүштү жана тармактагы адистерге коюлган талаптар тууралуу түшүнүк алышты. ОРМ форматы теория менен практиканын өз ара байланышына шарт түзүп, студенттердин кесиптик кызыгуусун жана мотивациясын арттырды.

Практикалык сабак студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн арттырууда жана камсыздандыруу тармагына болгон кызыгуусун жогорулатууда маанилүү роль аткарды.