1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 дня назад

14

1

«Кыргыз Республикасынын сот системасы»

2025-жылдын 24-ноябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Кылмыш-укуктук дисциплиналар кафедрасында илимий айдын алкагында конок лекциясы өткөрүлдү. Конок лекцияны Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Сабырова Жыпар Жумадиловна Кылмыш-укуктук дисциплиналар кафедрасына караштуу «Правоохранительные органы» предмети боюнча «Кыргыз Республикасынын сот системасы» темасында Юк-1-23, Юк-2-23 жана Юк-3-23 тайпалары үчүн окууду. Лекция суроо-жооп сессиясы жана дискуссия форматында өтүп, студенттер үчүн абдан кызыктуу болду. Студенттер мындан ары ушундай конок лекциялар тез-тез өткөрүлсө жакшы болорун белгилешти.