1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

15

1

Каржылык сабаттуулук боюнча конок лекция

2025-жылдын 21-ноябрында студенттердин жана магистранттардын каржылык сабаттуулугун өнүктүрүүгө, ошондой эле жеке каржыларды башкаруу боюнча практикалык билимдерин жогорулатууга көмөктөшүү максатында "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунда конок лекция өткөрүлдү.

Лекцияны экономика илимдеринин доктору, профессор Адиля Ильясбековна Абдиева окуду. Ал каржылык сабаттуулук, банк иши, криптовалюталар жана заманбап инвестициялык инструменттер боюнча адистешкен.

Лекциянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:

• ар кандай адистиктеги студенттер үчүн каржылык сабаттуулуктун негизги аспектилери;

• сактоо, инвестициялоо жана санариптик каржылык инструменттердин (акциялар, облигациялар, банктык депозиттер, криптовалюталар ж.б.) негиздери;

• жаштар үчүн финансы тармагындагы актуалдуу тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр;

• студенттердин суроолоруна жооптор берилди.