1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

14

1

Практикадан илимге!

2025-жылдын 21-ноябрында "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим беүү комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун сырткы бөлүмүнүн БЭмс-1-24 жана ФКмс-1-24 тайпаларынын магистранттары үчүн жыйынтыктоочу илимий-өндүрүштүк онлайн-конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага магистранттар, практиканын жетекчилери жана кафедранын окутуучулары катышты. Конференцияны кафедранын башчысы, э.и.к., доцент Толонов Эмил Нажимидович, ошондой эле Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Жолдошалиева Нурия Султановна ачышты.

Ар бир магистрантка жеке илимий тема жана аны багыттап жүргөн жетекчилер бекитилген. Практика учурунда студенттер өз илимий темасы боюнча материалдарды топтоп, аларды практиканын базасы менен байланыштырган, бул теориялык билимдерди реалдуу өндүрүштүк жана башкаруу процессине интеграциялоого мүмкүндүк берген.

Конференцияда магистранттар илимий-өндүрүштүк практиканын жыйынтыктарын, изилдөө долбоорлорун жана практикалык ишмердүүлүктөрүн сунушташты. Практиканын жетекчилери, э.и.к., убактылуу доцент Абдырахманова Г.Б. жана э.и.к., доцент Макеева Аида Шайлообековна, студенттердин иштерин эксперттик баалап, комментарийлерин беришти жана долбоорлорду андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын берди.

Иш-чарада теорияны практикага колдонуу, долбоорлордун натыйжаларын талдоо, инновациялык ыкмаларды баалоо жана практикалык маанисин талкуулоо жүргүзүлдү. Конференция магистранттардын кесиптик компетенцияларын бекемдөөгө, изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана келечектеги профессионалдык ишмердүүлүккө даярдоого өбөлгө түздү.

Конференция илимий изилдөөлөр менен практиканы интеграциялоонун маанилүүлүгүн көрсөткөн, тажрыйба алмашууга жана эксперттик баа алууга мүмкүнчүлүк берип, магистранттарды келечектеги ийгиликтүү кесиптик карьерага даярдады.