1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

11

1

Студенттин жумуш ордун уюштуруу: Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда (Бизнес-инкубатор) өткөрүлгөн практикалык сабак

2025-жылдын 19-ноябрь күнү ЖАГУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда «Инвестицияларды уюштуруу жана каржылоо» предмети боюнча ФКк-1-22 тайпасынын күндүзгү бөлүмүнүн студенттери үчүн практикалык (семинардык) ОРМ сабагы өткөрүлдү.

Сабакты «Инвестицияларды уюштуруу жана каржылоо» предметинин окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты, доцент м.а. Абдырахманова Г.Б. өткөрдү.

Студенттер менен Бизнес-инкубатордун директору, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Алымкулов Бегижан Номанжанович жолукту. Ал студенттерге инвестициялык жана ишкердик чөйрөдөгү көп жылдык тажрыйбасын, практикалык кеңештерин жана учурдагы тенденцияларды кеңири түшүндүрүп берди.

Практикалык сабак «Инвестициялык чечимдерди кабыл алуу» темасында өттү. Сабактын жүрүшүндө студенттер: инвестициялык долбоорлорду баалоонун заманбап ыкмаларын; инвестициялык капчыкты түзүүнүн негиздерин; тобокелдиктерди талдоо жана оптималдуу чечимдерди тандоо критерийлерин; инвестицияларды финансылык жактан негиздөөнүн моделдерин үйрөнүштү.

Ошондой эле студенттер Бизнес-инкубатордун иши менен таанышып, стартап-долбоорлорго колдоо көрсөтүү механизмдерин, инвестициялык сунуштарды кароо процесстерин жана ишкерлер менен иш алып баруунун өзгөчөлүктөрүн көрө алышты.

Практикалык бөлүктө студенттер инвестициялык кырдаалды талдап, бир нече долбоорду салыштырып, каржылык эсептөөлөрдүн жана тобокелдиктердин негизинде инвестициялык чечимдерди иштеп чыгышты.

Алымкулов Бегижан Номанжанович студенттердин суроолоруна жооп берип, инвестициялык тармактын келечектеги өнүгүүсү, инновациялык экосистеманын ролу жана финансылык сабаттуулуктун мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.

Бул практикалык сабак студенттердин кесиптик даярдыгын чыңдап, инвестициялык менеджмент боюнча билимдерин кеңейтип, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жөндөмдөрүн өстүрүүгө олуттуу салым кошту. Окуу менен чыныгы бизнес чөйрөнү айкалыштыруу студенттердин келечектеги карьерасына маанилүү таасир берди.