1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

8

1

Келечектеги экономисттер Базар-Коргон кыш чыгаруучу заводунун  (Жумуш ордунда окутуу) базасында өндүрүштүк окутуудан өтүштү

2025-жылдын 13-ноябрь  күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын БЭк-1-23 тайпасынын студенттери Базар-Коргон кыш чыгаруучу заводунда  жумуш ордунда окуудан өтүштү. Иш-чарада студенттерди өндүрүштүн ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, чыгымдардын бухгалтердик эсеби жана башкаруу эсебинин  кесиптик компетенцияларын калыптандыруу максатында "Бухгалтердик эсеп" жана “Башкаруучулук эсеп” дисциплиналарын изилдөөнүн алкагында уюштурулду. Э.и.к, доцент Төлөнов Э.Н жана ага  окутуучу Б. Аширалиева жумуш ордунда окутушту. Сабактын жүрүшүндө өндүрүш жетекчиси Тынычбек уулу Батыр   студенттерге өндүрүштү  уюштуруу, түзүү, иш багыттары, негизги функциялары, чыгымдары жана милдеттери менен кеңири тааныштырды. Студенттерге ишкердик чөйрөсүндөгү сырье, материалдар, өндүрүш процесси  менен байланышкан маселелерди  кеңири  түшүндүрдү. Тайпанын студенттерине тынымсыз окуп, тил үйрөнүп, изденип,  алдыга карай умтулууларын эскертти.

 Иш-чаранын соңунда студенттер Базар-Коргон кыш чыгаруучу заводунун   жетекчиси Тынчбек уулу Батырга  баалуу практикалык билимдерди алууга жана иш жүзүндөгү ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.