1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

20

1

“Экономика жана укук институтунун директору менен бир саат”

Жаштар жумалыгынын алкагында жана 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнүнө карата 2025-жылдын 17-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  “Экономика жана укук институтунун директору менен бир саат” аттуу жолугушуу өткөрүлдү.

Экономика жана укук институтунун директору, э.и.д., профессор Айнура Каныбековна Аскарова куттуктоо сөзүн айтып, окуу жайда студенттер үчүн түзүлгөн шарттарга токтолуп, бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Жолугушуу учурунда студенттер өз ойлорун эркин айтып, сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Мындай жолугушуулар студенттердин демин арттырып, алардын мотивациясын күчөтөт!