1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

18

1

Теориялык билимдерин практикалык көндүмдөргө айлантуучу  “Өндүрүштүк практика”

2025-жылдын 14-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун (ҮББИ) Социалдык иш адистигинин сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери үчүн өндүрүштүк практика боюнча онлайн форматта, ZOOM платформасы аркылуу уюштуруу конференциясы болуп өттү.

Конференцияга сырттан окуу бөлүмүнүн СКс-1-22 тайпасынын студенттери жана ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошалиева Нурия Султановна жана кафедра башчысы, доцент Р.К. Шамшиев катышышты. Практика жетекчи улук окутуучу Ы.М. Кожоназарова студенттерге 5-жумалык өндүрүштүк практикасынын  максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Конференцияда практиканын жоболору, жол картасы, күндөлүк толтуруу жана отчет жазуу эрежелери, ошондой эле коопсуздук техникасы жана кесиптик этика нормалары талкууланды. Студенттер практика өтүүчү мекемелер менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Бул практика студенттердин теориялык билимдерин практикада колдонуп, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталат.