1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

27

1

Түштүк аймактагы ЖОЖдор аралык акыл таймаш

2025-жылдын 14-ноябрында Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү” аттуу ЖОЖдор аралык акыл таймашка алты жогорку окуу жайы катышты.

Бул таймашка Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин билим берүү–илимий–өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун юриспруденция адистигинин 2-курс студенттеринен түзүлгөн курама командасы катышты.

Команда өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна болгон жогорку деңгээлдеги кызыгуусун, шайлоо процессин терең түшүнгөнүн жана өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды татыктуу аткарганын көрсөтүп, 1-орунду ээледи. Натыйжада алар кубокко жана башка баалуу белектерге татып кайтышты.

Таймашка катышкан студенттер:

1.           Тургунбаев Үсөнбай

2.           Борбуева Айбийке Омуровна

3.           Таалайбек кызы Гүлкайыр

4.           Токтоналиева Данагүл

5.           Рахманалиева Арууке

6.           Абдиев Мирланбек

Команданы даярдаган окутуучулар: Кулушов Н. жана Борубай уулу Эсен.