1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

1

ЖАМУда Аспиранттардын биринчи жылдык отчеттору жыйынтыкталды

2025-жылдын 13-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасына бекитилген аспиранттарынын илимий-изилдөө иштери боюнча 1-курстун жылдык отчетторун кабыл алуу жыйыны болуп өттү. Отчет берген аспиранттар Алдозова Нуркан Сабырбековна, Жолдошева Нуржамал Абжалаловна, Шаимкулов Ырысбай Абдуллаевич, Абдуллаева Мырзайым Ашыралыевна өздөрүнүн илимий-изилдөө иштери боюнча жылдык отчетторуна байланыштуу кеңири баяндама жасашты. Жаш илимпоздор өз баяндамаларында изилденип жаткан теманын актуалдуулугун, илимий-практикалык маанисин ачып көрсөтүшүп, иш планы боюнча белгиленген мөөнөттөрүн аткаруу жана кандидаттык минимумдарды тапшыруу боюнча жасалган иштерди кеңири чагылдырышты. Ошондой эле, диссертациянын структуралык бөлүктөрүн, илимий жаңылыгын жана алгачкы алынган жыйынтыктарын талкууга коюшту.

Аспиранттардын отчетторун кабыл алуу жыйынына кафедра башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Расул Кеңешович баштаган кафедра мүчөлөрү катышып, ар бир аспиранттын илимий иштерин жүргүзүүдө ийгиликтерди каалап, адабияттарга сереп жасоо деңгээлин жана изилдөөнүн методологиясын, архивдик материалдарды чогултуу жана алар менен иштөө ыкмаларын өркүндөтүү. Маалыматтык ресурстарды пайдалануу жана диссертациялык изилдөөнүн экинчи жылындагы иш планын ийгиликтүү улантуу үчүн конкреттүү илимий-методикалык сунуштарды беришти.

Жыйынтыгында кафедра мүчөлөрү аспиранттардын илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдөгү аракеттерин канааттандырарлык деп белгилешип, келечектеги диссертациялык изилдөөлөрүнө чоң ийгиликтерди каалап, методикалык колдоо көрсөтүлөөрүн билдиришти.