1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

1

Келечектеги экономисттер Сузак райондук Мамлекеттик салык кызматында жумуш ордунда окутуудан өтүштү

2025-жылдын 12-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын БЭк-1-23 тайпасынын студенттери «Салык жана салык салуу» сабагынын алкагында Сузак райондук Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгында жумуш ордунда окутуудан өтүштү.

Иш-чаранын максаты – студенттерди салык кызматтарынын ишмердүүлүгүнүн практикалык жактары менен тааныштыруу жана салык тармагында кесиптик компетенцияларын калыптандыруу болуп саналат.

Жумуш ордундагы окутууну улук окутуучу Мусакулов Н. К. жана окутуучу Абдыманап кызы Н. өткөрүштү.

Сабактын жүрүшүндө Сузак райондук Мамлекеттик салык кызматынын начальниги, полковник Камчыбеков У. Р. жана майор Жумуков Ч. студенттерди башкармалыктын түзүмү, иш багыттары, негизги функциялары жана милдеттери менен кеңири тааныштырды.

Студенттерге салыктардын администрирлениши, алардын төлөнүшүн көзөмөлдөө, салыктык процедураларды санариптештирүү, ошондой эле салык органдарынын калк жана ишкерлер менен өз ара аракеттенүүсү боюнча маселелер түшүндүрүлдү.

Иш-чаранын соңунда студенттер Сузак райондук Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине баалуу практикалык билимдерди алуу жана салык органдарынын реалдуу ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.