1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

1

«Өнөктөш окуу жайлардын окумуштуулары – конок лекцияда»

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасында «Экономика» багытындагы студенттер үчүн өнөктөш окуу жайлардын окумуштуулары тарабынан конок лекциялар үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

2025-жылдын 10–11-ноябрында билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча кызматташтык жөнүндөгү келишимдин алкагында жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу максатында Ош мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Токторов Кубаныч Кадырмаматович, ишканалардын экономикасы жана башкаруу кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Убайдуллаев Мирланбек Байдусенович, ошондой эле М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин доктору Абдиев Мурат Журатович «Экономика» багытынын (профилдери: «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» жана «Финансы жана кредит») 2- жана 3-курс студенттерине «Бухгалтердик эсеп» жана «Башкаруучулук эсеп» сабактары боюнча конок лекцияларды окушту.

Лекциялардын жүрүшүндө студенттер активдүү катышып, кызыктуу суроолорду берип, кеңири жоопторду алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында институттун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна жана кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович лекторлорго академиялык мобилдүүлүк боюнча сертификаттарды тапшырып, алардын илимий ишмердүүлүгүндө мындан аркы ийгиликтерди каалашты.