1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

55

1

Студенттер үчүн онлайн-конок лекциясы

2025-жылдын 7-ноябрында Кыргыз улуттук университетинин Ж. Баласагын атындагы жогорку экономикалык мектебинин «Банк иши жана салык салуу» кафедрасынын окутуучулары менен Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана финансы» кафедрасынын окутуучуларынын катышуусунда алгачкы онлайн-конок лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — тажрыйба алмашуу жана окутуунун ыкмаларын өркүндөтүү болуп саналат.

Конок лекцияны кафедранын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Эльмира Дунгановна Курамаева ЖАГУнун ФКк-1-24 жана БЭк-1-24 тайпаларынын студенттерине «Акча. Кредит. Банк» сабагы боюнча «Инфляция жана инфляциянын социалдык-экономикалык кесепеттери» темасында өткөрдү.

Лекция Zoom платформасы аркылуу интерактивдүү форматта өтүп, студенттер жигердүү катышып, чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Лекторго сабактын темасы боюнча мазмундуу маалымат бергендиги жана позитивдүү, шыктандырган окуу атмосферасын түзгөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз!