1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

1

Илимий лабораториялардын иши жанданууда

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү жана өндүрүштүк комплекси болгон “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар институтуна” караштуу Экономика жана укук институтунун “Инвестициялык-экономикалык илимий изилдөө лабораториясынын” кезектеги илимий конференциясы болуп өттү.

Лабораториянын мүчөлөрү өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Илим айынын алкагында жана Кыргыз Республикасында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган “Илим жана коом: жаңы чакырыктар” аттуу илимий-практикалык конференцияда баяндама аркылуу сунушташты.

Конференция жети секцияга бөлүнүп иш алып барды. Анын №4 секциясы — “Экономика жана социалдык-гуманитардык илимдер” багыты болуп, анда Экономика жана укук институтунун “Инвестициялык-экономикалык илимий изилдөө лабораториясынын” мүчөлөрүнүн илимий темалары камтылган. (209-ауд., ЭУИ)

Бул секцияны лабораториянын жетекчиси, экономика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу Ж. Садыралиев модератор катары жетектеди. Катчы болуп экономика илимдеринин кандидаты, доцент Г. Абдрахманова иш алып барды.

Конференцияда лабораториянын 20дан ашуун мүчөлөрү — жаш окутуучулар, аспиранттар, магистранттар жана студенттер өз илимий темалары боюнча докладдарын жасашты. Докладдар илимий жетекчилердин жана катышуучулардын активдүү талкуусу менен коштолуп, кызыктуу суроолорго илимий негизделген жооптор берилди.

Жыйынтыгында мыкты докладдар төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болушту: — 1-даражадагы диплом менен ЖАМУнун аспиранты А.А. Үсенов “Ч. Айтматовдун ‘Жамийла’ повестиндеги гендердик символдор жана сүрөттөө ыкмалары” темасындагы илимий изилдөөсү үчүн сыйланды; — 2-даражадагы диплом менен ФКк-1-22 тайпасынын студенти Айзат Шакиржанова “Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү: келечектин экономикалык багыты” аттуу илимий иши үчүн татыктуу болду; — 3-даражадагы диплом менен философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу, профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы сыйлыктын ээси Алдозова Н.С. “Үй-бүлө жана коомдун өнүгүүсүнүн диалектикасы” темасындагы илимий изилдөөсү үчүн сыйланды.

Магистранттар Имеров Жангарач (ФКмс-1-24) жана Жолчубаева Самара (БЭмс-1-24) сертификаттарга ээ болушту. Калган катышуучуларга да ыраазычылык билдирилип, илимий иштеринде ийгилик каалашты.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө жаш изилдөөчүлөрдүн докладдарын “ЖАМУнун жарчысы” журналына жарыялоо сунушу айтылды.