1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

58

1

«Бүткүл дүйнөлүк аманат-2025» жумалыгы иш-чарасынын алкагындагы конок лекция

2025-жылдын 3-ноябрында ЖАМУнун Экономика жана укук институтунда теория менен практиканы айкалыштырууну максат кылып, «Акча-Кредит-Банк» дисциплинасынын айрым темалары боюнча конок лекция окулду. Лекцияга экономика багытынын ФКк-1-22, ФКк-1-24 жана БЭк-1-24 тайпаларынын студенттери катышты.

Экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты Г. Жамашева жетекчилиги алдында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын адистери студенттерге «Бүткүл дүйнөлүк аманат – 2025» жумалыгы иш-чарасы алкагында Улуттук банктын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти. Лекция учурунда улуттук валютанын өнүгүүсүнүн тарыхына байланыштуу документтер каралды, банкноталар жана тыйындардын жашоо цикли – өндүрүштөн жок кылууга чейинки процесс, ошондой эле Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурастарын чогултуу, сактоо, көрсөтүү, системалаштыруу жана жайылтуу маселелери талкууланды.

Конок лекцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Акимбеков Хусейн Маматканович өткөрдү, ал студенттер менен кызыктуу жана билимдүү баарлашууну уюштурду.