1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

134

1

Социалдык-экономикалык тармактар боюнча статистикалык көрсөткүчтөр областтык статистика башкармалыгынан башталат

2025-жылдын 27-октябрында Манас шаарында жайгашкан областтык статистика башкармалыгынын акт залында БЭк-1-24 тайпасы үчүн «Статистика» предмети боюнча “Социалдык-экономикалык статистиканын жалпы маселелери, калк жана эмгек ресурстары статистикасы” деген темада практикалык сабак өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө областтык статистика башкармалыгынын жетекчиси И. Масабиров башкармалык тарабынан кайсы социалдык-экономикалык тармактар боюнча кандай статистикалык маалыматтар топтолоорун, аларды жыйноо, системалаштыруу жана коомчулукка сунуштоо багытындагы иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Ал эми реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы Р. Касымалиева өнөр жай тармагындагы отчет формалары жана аларды алуу, тапшыруу мөөнөттөрү менен тааныштырып, иш жүзүндө мисал келтирип көрсөтмө берди.

Областтык статистика башкармалыгынын демография бөлүмүнүн жооптуу кызматкери Нурлан Тураев калктын табигый өсүшүн эсепке алуунун (төрөлүү, өлүм ж.б.) практикалык жол-жоболорун үйрөтүп, 2022-жылдагы калкты каттоонун жыйынтыгы боюнча маалымат берип, ошол каттоонун негизинде даярдалган басылмалар менен студенттерди тааныштырды.

Мындан тышкары, Нураида Айтбаева социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү чагылдырган ай сайын жана жылдык басылмалар боюнча кыскача мүнөздөмө берди.

Сабактын соңунда экономика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу Ж. Садыралиев теманын жыйынтыгын чыгарып, практикалык көзөмөл суроолорун берип, студенттердин активдүүлүгүн белгиледи.

Статистикалык маалыматтарды жыйноо жана жайылтуу процесстерине студенттердин кызыгуусу жогору болуп, алар өздөрүн кызыктырган суроолорго толук жана ынанымдуу жоопторду алышты.