1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

5 месяцев назад

129

2

Студенттердин каржылык сабаттуулугун банктагы практикалык окутуу аркылуу жогорулатуу

2025-жылдын 28-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын БЭк-1-23 тайпасынын студенттери «Элдик банк» ААКсынын Манас шаарындагы филиалына барышты. «Каржы» предметинин жумушчу программасына ылайык, «Каржылык саясат жана каржылык механизм» темасы боюнча жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү.

Сабак учурунда студенттер 31-октябрда белгилене турган Дүйнөлүк үнөмдөө күнү тууралуу кеңири маалымат алышты. Бул күн Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан мамлекеттик органдар, эл аралык, коомдук жана каржы-кредиттик уюмдар менен биргеликте белгиленип келет. Иш-чаранын максаты — калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу, үнөмдөө маданиятын калыптандыруу жана өлкөнүн каржы секторуна ишенимди арттыруу болуп саналат.

Сабакты улук окутуучу Н.К. Мусакулов, кафедра башчысы, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Э.Н. Төлөновдун катышуусунда жумуш ордунда окутуу түрүндө өткөрдү.

Сабакта «Элдик банк» ААКсынын Манас филиалынын директору Темирбек Ибраимович Ибраимов студенттерге Дүйнөлүк үнөмдөө күнү, ошондой эле Кыргызстандагы банктык продукттар тууралуу — эң жогорку пайыздык ченге ээ депозиттер, пайыз чегерилүүчү банк карталары, пенсионерлер үчүн пайдалуу депозиттер, төмөн пайыздык керектөөчүлүк кредиттер жана башка пайдалуу кызматтар боюнча маалымат берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кеңири жооптор алышты. Эл аралык майрамдын урматына банк кызматкерлери студенттерге эстелик белектер жана сувенирлер тапшырды.