1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

130

2

КИТЕПКАНА-МААЛЫМАТ БОРБОРУНДАГЫ ОКУУ САБАГЫ: ТЕОРИЯДАН ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫНА ЧЕЙИН

2025-жылдын 27-октябрында Экономика жана укук институтунун экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын БЭк-1-23 тайпасынын студенттери “Студенттердин илимий – изилдөө иштери” дисциплинасы боюнча “Илимий адабияттарды жана булактарды талдоо” темасы боюнча Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун китепкана-маалымат борборунда болуп, илимий макалаларды, квалификациялык жумуштарды, илимий иштерди жазуудагы бул борбордун орду, ролу жөнүндө кеңири маалымат алып кайтышты. Сабак жумушчу ордунда окутуу тибинде өткөрүлдү. Э.и.к., доцент А.Т.Мамыралиева билим берүү процессин жана илимий изилдөөлөрдү маалымат менен камсыздоодогу китепкана-маалымат борборунун ролун ачуу менен, студенттердин аталган предмет боюнча теориялык билимдерин практикада колдоно билүүсүнө өбөлгө түзүүгө усулдук жардам көрсөттү. Мындагы негизги илимий булактар болуп саналган ЖАМУнун Жарчысындагы илимий макалалардын толук текстүү коллекциялары, университеттин профессордук-окутуучулар курамынын эмгектеринин толук тексттүү коллекциялары, университетте окутулган дисциплиналар боюнча окуу китептеринин толук текстүү коллекциялары, ошондой эле башка басылмалар, андан маалыматтарды алуунун жолдору, талдоонун ыкмалары боюнча кеңири маалыматтар берилди