1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

205

2

“Бош жумуш орундар жарманкеси-2025”

2025-жылдын 22-октябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономика жана укук институтунун бардык адистиктеринин студенттери жана бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыз кылуу максатында, "Бош жумуш орундар жарманкеси-2025" аталышындагы маанилүү иш-чарага катышышты.

Иш чара Манас шаарынын мэриясынын колдоосу менен, Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция бөлүмү тарабынан уюштурулду. Шаарыбыздын алдыңкы иш каналары жана жеке ишканалар тарабынан бош жумуш орундары сунушталды. Студенттер иш берүүчүлөр менен түздөн-түз жолугуп, суроолоруна жооп алып, келечектеги кесиптик жолун аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар иш берүүчүлөргө өз резюмелерин тапшырып, алгачкы маектешүүлөрдү өткөрүштү. Эмгек рыногундагы учурдагы талаптар менен таанышышты. Бул жарманке жаш адистер менен жергиликтүү иш берүүчүлөрдүн ортосундагы көпүрө болуп, аймактагы кадрдык потенциалды чыңдоого чоң салым кошту. Иш-чаранын соңунда жарманкеге активдүү катышкандыгы жана тыгыз байланышта иштегендиги үчүн, ЖАМУнун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы Ыраазычылык кат менен сыйланды. Бул сыйлык уюмдар аралык кызматташтыктын жана жаштарды иш менен камсыз кылуу маселесине болгон жогорку жоопкерчиликтин далили болду.