1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

137

1

Б. Осмонов атындагы ЖАМУда белгилүү окумуштуу, профессор Сариева Калбү Сариевна конок лекция окуду

2025-жылдын 18-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтундагы профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын Социалдык иш адистигинин студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИА) академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун башкы илимий кызматкери, философия илимдеринин доктору, профессор Сариева Калбү Сариевна конок лекция окуду.

Профессор Сариева Калбү Сариевна студенттерге “Экосистема – мекенчилдикке тарбиялоонун фактору” темасында терең мазмундуу лекция окуп, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолунун негизги идеяларына кеңири токтолду.

Лекциянын жүрүшүндө студенттер тарабынан көптөгөн суроолор берилип, окумуштуу менен студенттердин ортосунда кызуу талкуу орун алды. Талкууда лекциянын темалары боюнча ойлор алмашылып, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго толук жооп ала алышты. Бул иш-чара студенттердин илимий-теориялык билимин тереңдетүүгө, мекенчилдик сезимин жана дүйнө таанымын кеңейтүүгө чоң салым кошту.