1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

138

1

Жумуш ордунда окутуу “Ачык Эшиктер”күнү

2025-жылдын 14-октябрында Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун “Социалдык иш” адистигинин студенттери үчүн жумуш ордунда окутуу“Ачык Эшиктер” күнү иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарага профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин кандидаты, доцент Шамшиев Расул Кеңешович жана тайпалардын куратору Алдозова Нуркан Сабырбековнанын жетекчилиги астында бардык курстун студенттери катышышты.  

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Жакыпова Назира Алмазбековна жана социалдык кызматкер Айганыш Амира кызы студенттерге аткарылып жаткан иш аракеттер, алардын кесиптик багыты жана социалдык кызматкерлердин коомдогу орду тууралуу кеңири маалымат беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер тарабынан көптөгөн кызыктуу суроолор берилип, алардын бардык суроолоруна толук жооптор кайтарылды. 

Мындай иш-чаралар эки мекеменин — Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен ЖАМУнун ортосундагы тыгыз кызматташтыктын алкагында дайыма өткөрүлүп турат. Мындай тажрыйба алмашуу студенттердин кесиптик көндүмдөрүн арттырууга жана теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга чоң шарт түзөт.