1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

134

1

Жумуш ордундагы окутуу: камсыздандыруу уюмунда практикалык сабак

2025-жылдын 22-октябрында Манас шаарындагы «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКсынын филиалында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Б. Осмонов атындагы Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана финансы» кафедрасынын ФКк-1-22 тайпасынын күндүзгү бөлүмүнүн студенттери үчүн «Студенттин жумуш ордун уюштуруу» темасында практикалык (семинардык) сабак өткөрүлдү.

Сабакты «Камсыздандыруу» предметинин окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты, убактылуу доцент Абдырахманова Г. Б. алып барды.

Иш-чаранын алкагында студенттер менен «Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун» Манас шаарындагы филиалынын камсыздандыруу боюнча адиси, улук авариялык комиссар Эркинбеков Беккул Эркинбекович жолугушту. Ал камсыздандыруу тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын бөлүшүп, студенттерге кесиптик билимдери жана практикалык кеңештери менен бөлүштү.

Сабак «Камсыздандыруу» предмети боюнча «Мүлктү камсыздандыруу: маңызы, түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү» темасында өткөрүлүп, студенттер камсыздандыруу компаниясынын иш процессин, камсыздандыруу келишимин түзүү тартибин, тобокелдиктерди баалоо жана кардарлар менен иштөө өзгөчөлүктөрүн өз көзү менен көрүп үйрөнүштү.

Б. Э. Эркинбеков заманбап камсыздандыруу ыкмалары, мүлктү камсыздандыруунун экономикадагы орду жана коом үчүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берди. Студенттер адис менен жандуу суроо-жооп форматында баарлашып, пайдалуу тажрыйба алышты.

Студенттер камсыздандыруу уюмунун иш тартиби, кызматкерлердин милдеттери жана документтер менен иштөө процессин өз тажрыйбасында көрүп билишти.

Бул практикалык сабак студенттер үчүн баалуу тажрыйба болуп, аларды келечектеги кесиптик чөйрөгө жакындатты. Теориялык билимди иш жүзүндө колдонуу аркылуу студенттер камсыздандыруу тармагынын ролун жана анда иштөөнүн жоопкерчилигин терең түшүнүштү.