1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

133

1

«Бош орундар жарманкеси – 2025: бүтүрүүчүлөрдүн карьерасына алгачкы кадам»

2025-жылдын 22-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун «Экономика, эсеп жана каржы» кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулган бош орундар жарманкесине катышышты.

Жарманкеге ФКк-1-22 тайпасынын күндүзгү окуу формасындагы студенттери толугу менен (100%) катышышты. Алар үчүн бул иш-чара жөн гана маалымат алмашуу эмес, келечектеги кесиптик жолуна кеңири мүмкүнчүлүк жараткан маанилүү окуя болду.

Жарманкенин жүрүшүндө студенттер ар кандай уюмдар жана ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы бош жумуш орундар, стажировкалар жана эмгек рыногунун талаптары тууралуу кеңири маалымат алышты. Ар бир студент иш берүүчүлөр менен түздөн-түз баарлашып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алды.

Жарманке жылуу жана ишенимдүү маанайда өтүп, студенттерге дем-күч, мотивация жана келечекке ишеним тартуулады. Мындай иш-чаралар жаш адистерди практика менен билимди айкалыштырып, келечекке ишенимдүү кадам жасоого өбөлгө түзөт.