1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

119

1

Экономистерди жумуш ордунда окутуу

Экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын «Экономика» багыты боюнча 1-курс студенттери «Адистикке киришүү» предметинин окутуучусу, экономика илимдеринин кандидаты, кафедранын доценти Э.Н. Төлөновдун жумушчу программасына ылайык, жумуш ордунда окутуу иштерин ишканаларда жүргүзүштү.

2025-жылдын 1-октябрында студенттер Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин структурасы менен таанышышты. Окутуучу университеттин тарыхы жана бөлүмдөрү тууралуу кыскача маалымат берип, студенттерди иш ордундагы жетекчилер менен жолуктурду. Жолугушуу учурунда студенттер өз суроолорун берип, университет тууралуу кеңири маалымат алууга жетишишти. Жыйынтыгында ар бир бөлүмдүн жетекчилери студенттерге ЖАМУну тандаганы үчүн ыраазычылык билдирип, ийгилик каалашты.

2025-жылдын 15-октябрында студенттер Манас шаарында жайгашкан «Кыргыз инвестициялык-кредит банкы» ЖАКтын филиалында болушуп, банктын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Банктын башкаруучусунун орун басары Абдрахманов Азизбек Мамрасулович банктын түзүмү жана бөлүмдөрү тууралуу маалымат берип, банк кызматкери болуу үчүн коюлган талаптар менен тааныштырды. Өз кезегинде студенттер жетекчиликке суроолорун берип, кеңири маалымат алышты.