1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

130

1

Кесиптик жол практикадан башталат

Окуу процессинин алкагында 2025-жылдын 13-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунун Экономика, эсеп жана каржы кафедрасында «Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит» жана «Каржы жана насыя» профилдери боюнча сырттан окуган 2-курстун магистранттары менен онлайн-конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага карьералык өнүгүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н. Жолдошалиева, практика жетекчилери — э.и.к., доцент Г. Абдырахманова жана э.и.к., доцент А. Макеева, ошондой эле БЭмс-1-24 жана ФКмс-1-24 тайпаларынын магистранттары катышты.

Конференциянын максаты — өндүрүштүк практиканын жүрүшүн талкуулоо, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүү жана магистрдик диссертацияга даярдануу боюнча маселелерди кароо болду. Практика жетекчилери отчеттук документтерди туура даярдоо боюнча пайдалуу кеңештерди берип, практикалык тажрыйбанын келечектеги кесиптик ишмердүүлүктөгү маанисине өзгөчө көңүл бурушту.

Онлайн-конференция активдүү жана мазмундуу өттү. Катышуучулар иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирип, мындай форматта пикир алышуу мүмкүнчүлүгү үчүн терең ыраазы болушту.