1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 месяцев назад

143

1

5-октябрь - билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнү

2025-жылдын 6-октябрында 5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата Экономика жана укук институтунда майрамдык иш-чара уюштурулду.

Экономика жана укук институтунун директору э.и.д., профессор А.К.Аскарова куттуктөө сөзүндө мугалимдик кесип – эң байыркы жана ыйык кесип, күжүрмөн эмгек, тынымсыз изденүү, тынбаган аракет, талыкпаган эмгек жана чоң жоопкерчилик деп баса белгилеп кесиптик майрамымы менен профессордук-окутуучулук курамды куттуктады.

Иш-чара юриспруденция, бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит, социалдык иш адистиктердеги студенттер тарабынан окутуучулардга  майрамдык концерт даярдалган.

Иш-чаранын негизги максаты коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн, келечек муунга жарык жол көрсөткөн устаттарга болгон ыраазычылык билдирүү.

Иш-чаранын соңунда мугалимдер студенттерге жана уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.