Ачык эшиктер күнү

2025-жылдын 23-апрелинде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кесипке багыт берүү максатында өткөн «Ачык эшиктер күнү» иш-чарасына экономика жана юриспруденция кафедраларынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери активдүү катышты. Иш-чаранын негизги максаты мектеп бүтүрүүчүлөрүнө окуу багыттары тууралуу маалымат берүү жана келечектеги кесипти тандоого көмөк көрсөтүү болду.
Иш-чарада маалыматтык стенддер коюлуп, тандалган кесиптердин артыкчылыктарын чагылдырган атайын буклеттер таратылды. Студенттер өздөрүнүн адистик багыттары, өзүнүн окуу жайында окуунун өзгөчөлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу кызуу айтып, өз колдору менен жасаган макеттерин көрсөтүшүп, келген коноктордун суроолоруна жооп беришти.
Иш-чара катышуучуларга жана көрүүчүлөргө чоң таасир калтырып, болочок абитуриенттердин кызыгуусун жаратты.