Студенттин жетишкендиги -ЭЮКтун ийгилиги!
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Конфуций институту кытай тили курсуна катышкан студенттерге стипендия тапшырышты. Бул иш чарага Кыргызстандын түштүк соода палатасынын төрагасы, Бишкектеги “Кытай тилин колдоо” борборунун орун басары Чжо Лян Фа мырза жана кытай компанияларынын өкүлдөрү , Институттун кытай директорлору Фу Хунжүн жана Мавлюда Шакирова, студенттер жана кытай тилин үйрөнүп жаткан окутуучулар, ата-энелер катышты. Иш-чарада кытай тилин жогорку деңгээлде окуп жаткан студенттерге 10000 (он миң) сомдон стипендия тапшырылды. Экономика-юридикалык колледжинин студенттери да кытай тили курсуна активдүү катышып жатышат. ФК-2-24 тайпасынын студенти Тойчубекова Кызжибек Санжарбековна 10000 (он миң) сомдук стипендияга ээ болду. Студенттер үчүн мындай иш чаралар тилди үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууда. Студенттер жана окутуучулар ушундай мүмкүнчүлүктөрдү уюштуруп жаткан ЖАМУнун Конфуций институтуна жана ЭЮКтун студенттерин окутуп жаткан кытай окутуучусу Жао Менге терең ыраазычылыктарды билдиришти.