1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жаңылыктар

2 месяца назад

59

Статистиканы үйрөнөбүз

2024-жылдын 13-ноябрда экономикалык-юридикалык факультетинин студенттерине Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Ч.С. Турдубаева, жетектөөчү адис А.К. Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин статистикалык изилдөө жана квалификацияны жогорулатуу институтунун директору С.З. Сейдахматова, эксперт Ч.Т. Рысбекова, Жалал-Абад областык статистика башкармалыгынын башчысы И.А. Масабиров конок лекция окушту.

Конок лекциянын максаты студенттерге статистика боюнча жалпы маалымат берүү. Лекцияда төмөнкү маселелер каралды: Статистика деген эмне? Статистика эмне иш жүргүзөт? Эмне үчүн статистиканы билүү маанилүү?  Кыргызстандагы статистика. Статистиканын көндүмдөрүн үйрөнүү. Кыргызстандын географиялык жана демографиялык мүнөзмөлөрү.  Кыргызстандын калкынын сабаттуулугунун деңгээли ж.б.у.с.

Конок лекция статистикалык көрсөткүчтөрдү камтыган видео-слайд менен коштолду. Жыйынтыгында студенттерге берилген маалыматтын негизинде викторина уюштурулуп, туура жооп берген студенттерге Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кызыктыруучу белектер берилди.