Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүнө арналган конок лекция
2024-жылдын 1-ноябрында бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында экономикалык-юридикалык факультетинин окутуучулары жана студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлеринин конок лекциясына катышышты.
Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүнүн акча каражаттарын туура пайдаланууну үйрөнүү, өз жана үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу, топтолгон акчаны сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары, катышуучуларга Улуттук банктын ишмердүүлүгү, улуттук валюта – сомдун өнүгүү этаптары жана эскилиги жеткен банкнотторду жарактуу банкнотторго алмаштыруу эрежелери тууралуу маалымат берилди.
Лекциянын жүрүшүндө областтык башкармалыктын кызматкерлери өз акча каражаттарын туура пайдалануу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти пландаштыруу, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берди.
Мындан тышкары, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын иши, улуттук валютабыз – сомдун өнүгүү этаптары, эскилиги жеткен жана жараксыз банкнотторду алмаштыруу жөнүндө маалымат берилди.
Катышуучулар үчүн Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык нумизматикалык монеталардын көргөзмөсү уюштурулуп, өлчөнгөн алтын куймаларды сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар берилди.