Салым Финанс микрокредиттик компаниянын өкүлдөрү конок лекцияда
Салым Финанс микрокредиттик компаниянын өкүлдөрү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика багытындагы студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.
Студенттерге микрокредиттик компания жөнүндө, кредиттик адистиги боюнча стажерду кабыл алуу тартиби жөнүндө маалымат берилди. Окуу - таанышуу, өндүрүштүк жана квалификация алдындагы практикаларды өтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Кыргыз Республикасынын региондорундагы банктык кредиттөө көйгөйлөрү, банктык кредиттөөнүн негизги тенденциялары жана региондор боюнча анын тренддери жөнүндө конок лекциясы окулду. Талкуунун жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жеринде жооп алышты.