ЭЮФта өндүруштүк практиканы уюштуруу маселелерин талкуулоо
ЖАМУнун карьераны өнүктүрүү жана өндүруштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнун башчысы З. С. Калыбекова, факультеттин практика боюнча жооптуу адиси Г.Абдырахманова экономикалык-юридикалык факультетинин студенттери менен жолугушуп, өндүруштүк студенттер практика учурундагы кездешкен көйгөйлөр боюнча талкуу жүргүздү. Карьераны өнүктүрүү жана өндүруштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнун башчысы З.С. Калыбекова практика мезгилинде практиканын жол картасы – студенттин практикасынын методикалык жетекчиси экенин белгиледи. Ар бир студент күндөлүккө жазып жатканда жол картасында белгиленген иш-аракеттерге көңүл буруусу керек экендигин түшүндүрдү.
Практиканын бардык түрлөрү боюнча түзүлгөн жол картанын жетишкендиктери жана кемчиликтери, практика учурунда жол картасын колдонуу, күндөлүк жазуу маселеси боюча студенттер өз пикирлерин айтышып сунуштарды беришти. Практика учурунда коррупция маселеси жөнүндө талкуу жүргузүлүп, факультетте мындай учурлар менен кездешбегенин билдиришти.