1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

1 год назад

300

1-октябрь-Улгайган адамдардын эл аралык күнү

1-октябрь Эл аралык улгайгандардын  күнүнө карата Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин деканы А. К. Аскарова, декандын тарбия иштери боюнча орун басары Абдыманап к. Н., экономика, эсеп жана финансы кафедрасынын башчысы э. и. к., доцент Толонов Э. Н., кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер улгайган агай-эжекелерди майрамы менен куттуктап, аларга материалдык жардам көрсөтүштү.

Куттуктоо сөзүндө факультетин деканы А. К. Аскарова э.и.д., профессор Аманкул Зулпукаровдун, э.и.к., профессор Бегижон Мадаминович Турдубековдун, Чолпон Сулайманованын, Марапат Жузбаеванын жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоодо жана жаш муундарды тарбиялоодо үзүрлүү эмгегин баса белгилеп ыраазычылык билдирди.