ЭЮФта биринчи курстарды окуу жайга адаптациялоо процесси жүргүзүлүүдө
2024-жылдын 1-октябрында экономикалык-юридикалык факультетинин биринчи курстагы студенттерине факультеттин деканаты тарабынан студенттердин милдеттери, укугу жана окуу жайдын эрежелери менен тааныштырылды. Студенттер окуу процесстин графиги, авн порталында иштөө, студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоочу модулдук-рейтинг системасы, модулдарга жана экзамендик сессияга киргизүү жана академиялык карыздарын кайра тапшыруу тартиби боюнча жана ЖАМУнун сайтына кирүү, маалыматтарды алуу, окуу-илимий китепканалык-маалыматтык борборундагы ресурстарды пайдалануу боюнча маалымат берилди.
Ар бир студентке логин, паролдору берилип, жеке кабинетке кирүү жана пайдалануунун тартиби үйрөтүлдү.