1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Экономикалык-юридикалык факультети
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

65

ВИЧ/СПИД ЖУГУШТУУ ЖАНА КОРКУНУЧТУУ ДАРТ 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдындагы облустагы калктын саламаттыгын сактоо маселелери боюнча Координациялык комиссиянын 2024-жылдын 11-апрелиндеги кезексиз жыйынында каралган ВИЧ/СПИД жана гепатит илдеттери боюнча социалдык-медициналык жардамдын абалы, Жалал-Абад облусунда кызамык илдетинин эпидемиялык абалы №06-2042-буйругун аткаруу иш-чарасынын алкагында, университетте билим алып жаткан студенттерге түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Түшүндүрүү иштерин Репродуктивдик ден соолук боюнча Жалал-Абад Альянсынын өкүлдөрү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык факультетине келип, студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар Альянстын жаштар комитетинин төрагасы Абсаматов Оомат жана эки волонтер Салиев Жусуп менен Султаналиев Батырбек болду. Аталган оорулар жөнүндө кеңири маалымат беришип, оорулардын жугуу жолдорун жана алардан кантип сактануу керек экендигин түшүндүрүп кетишти.