1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

91

«ИЛИМИЙ ДИАЛОГ: ОКУМУШТУУ ЖАНА ЖАШ МУУН» «ИЛИМ — КООМДУН ӨНҮГҮҮСҮНҮН ЖАНА КЕЛЕЧЕГИНИН НЕГИЗИ»

2026-жылдын 17-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика жана укук институтунда окутуучу З. Амиракулова тарабынан «Илимий диалог: окумуштуу жана жаш муун» аттуу «Илим — коомдун өнүгүүсүнүн жана келечегинин негизи» темасында илимий жолугушуу иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — илимдин коомдогу ордун жана маанисин кеңири талкуулоо, окумуштуулар менен жаш муундун ортосундагы илимий байланышты чыңдоо, студенттердин илимий изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу жана келечектеги кесиптик өнүгүүсүнө багыт берүү болду.

Жолугушууга ар түрдүү илим тармактарынын өкүлдөрү — юридика, тарых, экономика, филология, педагогика, саясат таануу жана философия илимдеринин кандидаттары, докторлору, доценттер жана университеттин окумуштуулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окумуштуулар илимий изилдөөлөрдүн актуалдуулугу, илим менен билим берүүнүн өз ара байланышы, коомдун өнүгүүсүндөгү илимдин ролу, заманбап шарттарда жаш адистердин илимий көз карашын калыптандыруу жана кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүү маселелери боюнча өз ойлору жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Өзгөчө көңүл студенттер менен окумуштуулардын ортосундагы ачык диалогго бурулду. Юриспруденция адистигинин бүтүрүүчү курсунун студенттери окумуштууларга өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, илим, кесиптик багыт, илимий изилдөө жүргүзүү жана келечектеги адистик ишмердүүлүк боюнча пайдалуу маалыматтарды алышты.

Мындай жолугушуулар жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, илимий дүйнө таанымын кеңейтүүгө, өз алдынча ой жүгүртүүсүн калыптандырууга жана илимге болгон кызыгуусун арттырууга чоң өбөлгө түзөт.

Иш-чаранын жыйынтыгында илим менен жаш муундун байланышын чыңдоо, окумуштуулардын бай тажрыйбасын студенттерге жеткирүү жана келечектеги жаш изилдөөчүлөрдү колдоо маанилүү экендиги белгиленди.

Илим — коомдун өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү, ал эми жаш муун — анын келечеги!