1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

20

Келечектеги юристтерди практикалык даярдоо: практика өтөөчү базадагы жолугушуулар

2026-жылдын 18–19-ноябрында «Юриспруденция» даярдоо багытында билим алып жаткан студенттердин окуу-таанышуу практикасынын алкагында, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына: ТӨМ 4 — «Сапаттуу билим берүү», ТӨМ 8 — «Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш», ТӨМ 16 — «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» жана ТӨМ 17 — «Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк» максаттарына ылайык, практиканын жетекчилери студенттер практика өтөп жаткан базалык уюмдарга жана мекемелерге, анын ичинде ички иштер органдарына (ИИБ), прокуратура органдарына жана сот органдарына барышты.

Иш сапарлардын негизги максаты студенттердин практика өтөө шарттары, аталган органдар менен мекемелердин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен таанышуу, ошондой эле студенттердин практика программасын аткаруусуна көзөмөл жүргүзүү болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө практиканын жетекчилери мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрү менен маектешип, студенттердин практикалык даярдыгын уюштуруу, кесиптик чөйрөгө адаптацияланышы жана алгачкы кесиптик көндүмдөргө ээ болушу боюнча маселелерди талкуулашты.

Өзгөчө көңүл укук коргоо жана сот органдарынын ишмердүүлүгү, юридикалык кызматтардын ишин уюштуруу, прокурордук көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү, сот иштерин кароо жана мыйзамдарды иш жүзүндө колдонуу маселелери менен таанышууга бурулду.

Мындай жолугушуулар университет менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоого, укуктук системанын мекемелери менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө, ошондой эле болочок юристтерди кесиптик даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.