1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

16

1

Юк-3-25 тайпасында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган куратордук саат

2026-жылдын 18-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика жана укук Институтунда куратордун тарбиялык иштер планына жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын 4-максаты — «Сапаттуу билим берүү», 11-максаты — «Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар», 16-максаты — «Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар» багыттарына ылайык Юк-3-25 тайпасынын студенттери үчүн улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган тематикалык куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны тайпанын куратору Бөрүбай уулу Эсенам уюштурду.

Жолугушуунун негизги максаты студенттерди дүйнөгө белгилүү жазуучунун өмүр жолу жана чыгармачылык мурасы менен терең тааныштыруу, ошондой эле анын чыгармаларында чагылдырылган жогорку адеп-ахлактык баалуулуктарды, гуманизм жана мекенчилдик идеяларын жайылтуу болду.

Куратордук сааттын алкагында Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон баа жеткис салымы тууралуу мазмундуу баяндама жасалды. Студенттер талкууга активдүү катышып, жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын татаал моралдык-этикалык тандоолорун талдашты, белгилүү чыгармаларынан үзүндүлөрдү көркөм окушту жана классик жазуучунун гуманисттик идеялары менен келечектеги юристтердин заманбап укуктук аң-сезиминин ортосундагы байланышты талкуулашты.

Иш-чаранын соңунда куратор студенттерди Чыңгыз Айтматовдун бай адабий жана руханий мурастарын терең изилдөөгө, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө жана келечектеги кесиптик юридикалык ишмердүүлүгүндө жогорку адеп-ахлактык жана этикалык принциптерди жетекчиликке алууга чакырды.

Бул куратордук саатты өткөрүү студенттердин адабий кругозорун кеңейтүүгө, гуманисттик дүйнө таанымын калыптандырууга, улуттук маданий мураска болгон урмат-сый сезимин арттырууга жана келечектеги юристтердин кесиптик ишмердүүлүгүндө адеп-ахлактык баалуулуктардын маанисин аңдап-түшүнүүгө өбөлгө түздү.