1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

18

1

СОЦИАЛДЫК ИШ БАГЫТЫНДАГЫ СТУДЕНТТЕР ТААНЫШУУ ПРАКТИКАСЫН ӨТӨӨГӨ КИРИШТИ

2026-жылдын 13-ноябрында "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси, Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун Социалдык иш багыты боюнча сырттан окуган СРс-1-24 тайпасынын студенттери үчүн 2026-2027-окуу жылынын графигине ылайык таанышуу практикасын уюштуруу боюнча конференция өткөрүлдү.

Практика 2026-жылдын 16-ноябрынан 5-декабрына чейин үч жума аралыгында өткөрүлүп, студенттердин теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштыруу, социалдык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин ишмердүүлүгү менен тааныштыруу, ошондой эле кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү максатын көздөйт.

Конференцияга Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Шамиев Ж.Б. жана профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Шамшиев Р.К. ошондой эле, кафедра тарабынан дайындалган практика жетекчиси Кожоназарова Ы.М. катышты. Алар студенттерге практиканын максат-милдеттери, аны өтөөнүн тартиби, практикалык ишмердүүлүктүн өзгөчөлүктөрү жана кесиптик даярдыкты калыптандыруудагы мааниси тууралуу маалымат беришти.

Практиканын өтөө базалары катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Манас шаарынын мэриясы, Чыңгыз Айтматов атындагы муниципалдык аймактык башкаруу мекемеси, Манас шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы сыяктуу мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер белгиленген.

Таанышуу практикасынын жүрүшүндө студенттер аталган мекемелердин түзүмү, негизги иш багыттары, калкты социалдык жактан коргоо, социалдык колдоо көрсөтүү, жергиликтүү деңгээлде социалдык маселелерди чечүү жана калк менен иш алып баруу механизмдери менен таанышышат.

Таанышуу практикасынын жетекчиси Алдозова Нуркан Сабирбековна конференцияны уюштурду. Ал студенттердин практика учурундагы ишмердүүлүгүнө усулдук жетекчилик кылып, практикалык тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылат.

Практиканын жыйынтыгында студенттер социалдык иштин уюштурулушу жана жүзөгө ашырылышы боюнча практикалык түшүнүктөрүн тереңдетип, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө зарыл болгон тажрыйбаларды өздөштүрүшөт.