1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

21

1

«ЗАМАНБАП ИЛИМДИН ФИЛОСОФИЯЛЫК НЕГИЗДЕРИ» АТТУУ КОНOК ЛЕКЦИЯ ЖАНА ИЛИМИЙ СЕМИНАР

2026-жылдын 11-ноябрында «Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети» илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Экономика жана укук институтунун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасы тарабынан «Заманбап илимдин философиялык негиздери: методология, илимий рационалдуулук жана изилдөөчүнүн жоопкерчилиги» аттуу конок лекция жана илимий семинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты заманбап илимдин философиялык-методологиялык негиздерин талкуулоо, илимий рационалдуулуктун өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүү, изилдөөчүнүн илимий жана коомдук жоопкерчилиги боюнча көз караштарды талдоо, ошондой эле окутуучулар менен студенттердин илимий изденүүсүнө өбөлгө түзүү болду.

Иш-чарага ЖАМУнун «Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар» илим-изилдөө институтунун директору, ф.и.д, профессор Калчакеев К. Б. жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттары жана Социалдык иш багытынын студенттери катышты.

Илимий иш-чараны профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Шамшиев Р.К. ачып, катышуучуларды иш-чаранын максаты жана программасы менен тааныштырды. Андан соң Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни аткарылып, расмий бөлүк улантылды.

Конок лекциянын негизги баяндамасы үчүн философия илимдеринин доктору, профессор Өскөн Козубаевге сөз берилип, ал «Заманбап философиянын актуалдуу маселелери жана илимдин өнүгүү багыттары» аттуу темада лекция окуду. Баяндамада заманбап философиянын илимий таанып-билүүдөгү орду, илимдин өнүгүү тенденциялары, илимий рационалдуулуктун өзгөчөлүктөрү жана изилдөөчүнүн жоопкерчилиги тууралуу маселелер каралды. Профессор өзүнүн илимий тажрыйбасына таянып, илимий изилдөөнүн методологиялык негиздери боюнча катышуучулар менен ой бөлүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кафедранын доценти, ф.и.к. Токтогулова Г.Т. да сөз сүйлөп, илимдин өнүгүшүндө философиялык ой жүгүртүүнүн, методологиялык маданияттын жана илимий изилдөөлөрдүн маанисине токтолду.

Иш-чаранын илимий-талкуу бөлүгүндө жаш окумуштуулардын изилдөөлөрүнө да көңүл бурулду. Атап айтканда, А.А. Усеновдун «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы гендер маселелери» аттуу илимий баяндамасы угулду. Баяндамада көтөрүлгөн маселелер катышуучулардын талкуусуна коюлуп, изилдөөнүн мазмуну жана илимий багыты боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында кафедра башчысы Р.К. Шамшиев конок лекциянын жана илимий семинардын илимий-методикалык маанисин белгилеп, профессор Ө. Козубаевге, К.Калчакеевге. жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

Мындай илимий жолугушуулар университеттин илимий чөйрөсүн өнүктүрүүгө, окутуучулардын жана жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын жогорулатууга, ошондой эле илимий мектептердин ортосундагы тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө багытталган маанилүү академиялык аянтча болуп саналат.

Иш-чара ТӨМ 4 – «Сапаттуу билим берүү» (4.3, 4.4), ТӨМ 9 – «Индустриялаштыруу, инновация жана инфраструктура» (9.5) максаттарына шайкеш келет. Атап айтканда, жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окутуучулардын жана жаш изилдөөчүлөрдүн илимий потенциалын өнүктүрүү, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана илимий тажрыйба алмашуу багыттарына өбөлгө түзөт.