1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

20

1

СК-1-25 тайпасынын студенттерине «Социалдык иштеги психология» предметинен ачык саат

2026-жылдын 9-ноябрында профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын 2026–2027-окуу жылынын биринчи жарым жылдыгына карата түзүлгөн окуу-усулдук планына жана ачык сабактарды өткөрүү графигине ылайык экономика жана укук Институтунун «Социалдык иш» багытынын СК-1-25 тайпасынын студенттери үчүн «Социалдык иштеги психология» дисциплинасы боюнча ачык лекциялык сабак өткөрүлдү.

Ачык сабакты профессор Ш. М. Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын улук окутуучусу Кожоназарова Ырысгүл Мырзалиевна өткөрдү.

 «Физикалык, психикалык жана социалдык ден соолуктун психологиялык негиздери» деген темадагы  лекциянын жүрүшүндө ден соолуктун физикалык, психикалык жана социалдык компоненттеринин өз ара байланышы, стресстин келип чыгуу механизмдери жана анын адамдын саламаттыгына тийгизген таасири кеңири каралды. Ошондой эле келечектеги социалдык кызматкерлер үчүн кесиптик стресстин алдын алуу жана психологиялык өзүн-өзү жөнгө салуу көндүмдөрүнүн мааниси белгиленди.

Лекцияда психосоматика түшүнүгү, Ганс Сельенин стресс теориясы, анын ичинде эустресс жана дистресс түшүнүктөрү илимий негизде түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, адаптациялык синдромдун үч баскычы — кооптонуу, каршылык көрсөтүү жана чарчоо (түгөнүү) баскычтары талданып, стресстин физиологиялык, эмоционалдык, когнитивдик жана жүрүм-турумдук белгилери мисалдар аркылуу чечмеленди.

Өзгөчө көңүл маалыматтык, эмоционалдык жана уюштуруучулук стресстерге, ошондой эле социалдык кызматкерлердин кесиптик ишмердүүлүгүндө кездешүүчү эмоционалдык күйүп кетүү синдромуна бурулду. Бул көрүнүштөрдүн алдын алуу, стрессти башкаруу жана психологиялык туруктуулукту сактоо жолдору каралды.

Сабак студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылган «мээ чабуулу», проблемалык суроолор жана кейс-стади сыяктуу интерактивдүү окутуу усулдарынын негизинде уюштурулду. Талкуулардын жүрүшүндө студенттер теориялык билимдерин практикалык кырдаалдар менен байланыштырып, социалдык кызматкердин кесиптик ишиндеги психологиялык факторлор боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Лекциянын жыйынтыгында студенттерге теманы терең өздөштүрүү максатында конспектилерди кайталоо жана «Кесиптик күйүп кетүүнүн алдын алууда социалдык кызматкердин ресурстары» деген темада чакан эссе даярдоо тапшырмасы берилди.

Мындай лекциялар болочок социалдык кызматкерлердин психологиялык сабаттуулугун жогорулатууга, кесиптик ишмердүүлүктө кездешүүчү эмоционалдык кыйынчылыктарды түшүнүүгө жана аларды алдын алуу боюнча зарыл компетенцияларды калыптандырууга багытталган.