1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

4 дня назад

21

1

Жетекчи менен бир саат

2026-жылдын 16-ноябрында жаштар жумалыгынын алкагында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунун директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Аскарова Айнура Каныбековна менен институттун студенттеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун негизги максаты – жетекчилик менен студенттердин ортосундагы байланышты чыңдоо, алардын ой-пикирлерин угуу жана көйгөйлөрдү талкуулоо.

«Жетекчи менен бир саат» аталышындагы жолугушуунун жүрүшүндө институттун директору студенттер менен ачык баарлашып, окуу процессинин сапаты, билим алууга болгон жоопкерчилик, ички тартипти сактоо, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар жана жаштардын демилгелерин колдоо маселелери боюнча пикир алышты.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, сунуш-пикирлерин жана ой-тилектерин билдиришти.

Мындай жолугушуулар студенттер менен жетекчиликтин ортосундагы ишенимдүү байланышты бекемдөөгө, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүүгө жана институттагы билим берүү чөйрөсүн мындан ары жакшыртууга өбөлгө түзөт.