1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

7

1

КМШнын 35 жылдыгына арналган куратордук саат

2026-жылдын 13-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы Философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын окутуучусу академиялык тайпанын куратору Зарылбеков Раатбек тарабынан уюштурду.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлүш тарыхын, анын калыптануу этаптарын, азыркы учурдагы ордун жана келечектеги өнүгүү багыттарын талкуулоого багытталды.

Куратордук сааттын жүрүшүндө КМШнын түзүлүшүнө алып келген тарыхый-саясий шарттар, СССРдин ыдырашынан кийинки постсоветтик мейкиндиктеги интеграциялык процесстер жана мамлекеттер аралык кызматташтыктын жаңы формалары тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле Шериктештиктин алкагындагы саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын мааниси тарыхый өңүттө каралды.

Талкуунун жүрүшүндө студенттер КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара кызматташтыгы, тарыхый байланыштарды сактоо, жалпы маданий мурастарды урматтоо жана азыркы глобалдык шарттарда мамлекеттер аралык мамилелердин өнүгүү келечеги боюнча өз ойлорун билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттердин тарыхый аң-сезимин кеңейтүү, КМШнын түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы боюнча билимдерин тереңдетүү, ошондой эле аймактык кызматташтыктын тарыхый жана азыркы маанисин түшүндүрүү болду.

Мындай тарбиялык-агартуучулук иш-чаралар студенттердин тарыхый билимдерин байытуу менен бирге, алардын коомдук-саясий процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга жана тарыхый окуяларга аналитикалык көз караш менен мамиле кылуу жөндөмүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) төмөнкү багыттарын ишке ашырууга багытталган:

ТӨМ 4 — Сапаттуу билим берүү;

ТӨМ 16 — Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар;

ТӨМ 17 — Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк.