1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Экономика жана укук институту
  4. Жаңылыктар

6 дней назад

18

1

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган куратордук саат

2026-жылдын 12-ноябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин экономика жана укук Институтунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган куратордук саат өткөрүлдү. Иш-чараны ФКк-1-26 академиялык тайпасынын куратору Аскарова А.К. тарабынан уюштурду.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге КМШнын түзүлүү тарыхы, калыптануусунун негизги этаптары, уюмдун максаттары жана милдеттери, ошондой эле Шериктештиктин мүчө мамлекеттердин ортосундагы саясий, экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүдөгү ролу тууралуу маалымат берилди.

Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын КМШнын ишмердүүлүгүнө катышуусуна, мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоого, тарыхый-маданий байланыштарды сактоого, коңшу мамлекеттер менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө жана жаштар арасындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө бурулду.

Куратордук сааттын алкагында студенттер КМШнын азыркы эл аралык мамилелердеги ордун талкуулап, интеграциялык процесстердин келечеги боюнча өз ойлорун ортого салышты. Ошондой эле элдердин ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана коңшулук мамилелерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Өткөрүлгөн иш-чара студенттердин тарыхый билимдерин кеңейтүүгө, жарандык жоопкерчилигин жана мекенчилдик сезимин калыптандырууга, маданий көп түрдүүлүктү урматтоого жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Иш-чаранын максаты — жаштардын КМШнын түзүлүшү жана өнүгүшү тууралуу тарыхый маалымдуулугун жогорулатуу, жалпы тарыхый мураска болгон урмат-сыйды тарбиялоо жана эл аралык кызматташтыктын маанисин түшүндүрүү.

Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарынын (ТӨМ) төмөнкү багыттарын ишке ашырууга багытталган:

ТӨМ 4 — Сапаттуу билим берүү;

ТӨМ 16 — Тынчтык, адилеттүүлүк жана натыйжалуу институттар;

ТӨМ 17 — Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк.