1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

61

«Климаттын өзгөрүүсүнүн жаңгак-мөмө токойлорундагы сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөргө, ошондой эле Сары-Челек коругунун экосистемасына тийгизген таасирин изилдөө» аттуу илимий долбоордун алкагындаСары-Челек биосфералык коругунда илимий экспедиция өткөрүлдү

2026-жылдын 12–14-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан каржыланып, Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору, биология илимдеринин доктору З. И. Сакбаеванын жетекчилиги менен жүргүзүлүп жаткан «Климаттын өзгөрүүсүнүн жаңгак-мөмө токойлорундагы сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөргө, ошондой эле Сары-Челек коругунун экосистемасына тийгизген таасирин изилдөө» аттуу илимий долбоордун алкагында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун окумуштуулары, Улуттук илимдер академиясынын Жалал-Абад илимий борбору жана Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун кызматкерлери тарабынан Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругуна илимий экспедиция уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү.

            Экспедициянын жүрүшүндө коруктун аймагындагы дендробакта өстүрүлүп жаткан сейрек кездешүүчү дарак өсүмдүктөрүнүн өсүп-өнүгүүсүнө байкоо жүргүзүлүп, алардын учурдагы абалына баа берилди. Ошондой эле климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин аныктоо жана экосистеманын абалын комплекстүү изилдөө максатында коруктун суу жана топурак системаларынан жыйынтыктоочу лабораториялык анализдер үчүн үлгүлөр алынды.

            Сары-Челек биосфералык коругунун заманбап энциклопедиясын түзүү боюнча материалдар жыйналды.

Мындан тышкары, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүк түрлөрүнүн таралышы, өсүү өзгөчөлүктөрү жана сакталуу абалы боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Экспедициянын жыйынтыктары келечекте климаттын өзгөрүүсүнүн жаңгак-мөмө токойлорунун биологиялык ар түрдүүлүгүнө тийгизген таасирин баалоого жана бул уникалдуу экосистеманы сактоо боюнча илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

            Илимий экспедициянын алкагында алынган материалдар жана үлгүлөр долбоордун мындан аркы изилдөө иштеринде колдонулуп, алардын жыйынтыктары илимий макалаларда жана практикалык сунуштарда чагылдырылат.

            Сары-Челек биосфералык коругу – Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азиянын да уникалдуу жаратылыш мурастарынын бири болуп саналат. Анын экосистемасын сактоо жана климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин илимий негизде изилдөө бүгүнкү күндүн маанилүү милдеттеринин бири болуп эсептелет.