- Факультеттер
- Медицина факультети
- Фармация кафедрасы
Фармация кафедрасы
Телефон:
776 362 545Email:
osmonova.baktygul@bk.ruКаттоо:
06.01.2024
Акыркы сапар:
10 месяцев назад
ФАРМАЦИЯ КАФЕДРАСЫНЫН ТАРЫХЫ
ЖАМУнун медицина факультети 2000-жылы 25-сентябрдагы №2 протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2000-жылдын 27-сентябрындагы №595/1 буйругуна ылайык ачылган. 2005-жылы жүйөлүү себептер менен жабылып, студенттер Кыргыз Республикасынын башка ЖОЖдоруна которулган. 2010-жылы ЖАМУнун базасында №576 лицензиянын негизинде жана ректордун 2010-жылдын 4-октябрындагы №287 буйругу менен кайрадан медицина факультети уюшулган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин фармацевтика кафедрасы 2010-жылы ачылган (буйрук No1/320 23.10.2010). Медицина факультетинин фармацевтикалык багытынын ачылышында м.и.к., профессор А.К. Кожалиевдин эмгеги зор. Анын аракети менен бөлүм материалдык-техникалык ресурстар жана кадрлар менен камсыз болгон. «Фармация» кафедрасынын биринчи башчысы болуп фармацевтика илимдеринин кандидаты, доцент Ш.С. Бегалиев дайындалган. Кафедранын калыптанышына жана андан ары өнүгүшүнө биология илимдеринин кандидаты, доцент Ж.М. Орозбаева зор салым кошкон. Кафедра өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө трансформацияланып, аталышы өзгөртүлүп, окутуунун чөйрөсү кеңейген. Бул кайра түзүүлөр фармация адистигин даярдоо боюнча окуу планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен байланышкан.
2020-жылы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде медицина факультетинин эки кафедрасы «Фармация» жана «Медициналык-биологиялык дисциплиналар» бир «Фармация жана биомедициналык дисциплиналар» кафедрасына бириктирилген (№ 139 буйругу, 28.08.2020). Кафедраны х.и.к., доцент Б.К.Эрназарова жетектеген. 2022-жылы Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде университеттин эки кафедрасы “Химия” жана “Фармация жана биомедициналык дисциплиналар” бир кафедрага бириктирилген (буйрук №17, 31.01.2022), Н.Б. Арстанбекова жетектеген.
01.09.2022-жылдан, азыркы учурга чейин фармация кафедрасын айыл чарба илимдеринин кандидаты, доцент Б.М. Осмонова жетектеп келет. Кафедра Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун медицина факультетинин окуу-усулдук жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөн окуу-илимий структуралык бөлүмү болуп саналат.
Билим берүү ишмердүүлүгү
Фармация кафедрасы 560005 – “Фармация” адистиги боюнча фармацевтикалык кадрларды даярдайт. Кадрларды даярдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № 1179/ (2015-жылдын 15-сентябры) буйругу менен бекитилген 560005 – “Фармация” адистиги боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын (ЖОЖдун мамлекеттик билим берүү стандартынын) негизинде жүргүзүлөт. 2023-жылкы бүтүрүүчү моделин камтыган 560005 Фармация адистигине 2021-жылы негизги билим берүү программасы (НББП) милдеттүү документ катары иштелип чыккан.
2020-жылы НББП 560005 Фармация багыты НААР тарабынан 3 жылдык мөөнөткө эл аралык программанын аккредитациясын алган, ал эми акыркы 2 жылда (2022, 2023-жылдары) НААР рейтинги боюнча 2-орунга татыктуу болгон.
ЖКББ НББП 560005 Фармация багытынынын негизги максаты студенттерде универсалдуу (жалпы илимий, инструменталдык, социалдык-инсандык жана жалпы маданий) жана Жогорку кесиптик билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык кесиптик компетенцияларды калыптандырууга багытталган. НББП 560005 Фармациянын өзүнүн миссиясы жана максаты бар.
НББП 560005 ФАРМАЦИЯНЫН МИССИЯСЫ
Үзгүлтүксүз фармацевтикалык билимге, илимий изилдөөлөргө жана заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берген профессионалдык ишмердүүлүккө негизделген, жогорку квалификациялуу фармацевтикалык жардам көрсөтүү аркылуу калктын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга даяр, атаандаштыкка жөндөмдүү, компетенттүү фармацевтикалык кадрларды даярдоо, интеграциялоо (МФ ОК 2022-жылдын 30-майындагы №6 протоколу).
560005 Фармация адистиги боюнча Жогорку кесиптик билим берүү программасынын максаттары:
1-максат: Социалдык мобилдүүлүккө жана эмгек рыногунда туруктуулукка өбөлгө түзгөн жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ, дипломдон кийинки окууга, андан кийин өзү тандаган адистик боюнча профессионалдык фармацевтикалык ишмердүүлүккө даяр фармацевт даярдоо.
2-максат: Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн калкына дарылоо, алдын алуу жана медициналык-социалдык жардам көрсөтүү чөйрөсүндө кесиптик көндүмдөрдү алуу үчүн негизги теориялык жана фармацевтикалык билимдерди берүү.
3-максат: Студенттердин максатка умтулуусун, уюшкандыгын, жоопкерчилигин жаратуу, жалпы маданиятка, өзүн-өзү тарбиялоого жана өз алдынча билим алууга көмөктөшүү, үзгүлтүксүз фармацевтикалык билимге үйрөтүү жана заманбап коомдун талабына жооп берүүнү калыптандыруу.
Фармация кафедрасы бүтүрүүчү кафедра болуп саналат. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү фармацевтикалык дисциплиналар боюнча окуу практикасында алган жогорку сапаттагы фундаменталдык даярдыгы, практикалык жана илимий тажрыйбасы жеткиликтүү, натыйжалуу кесиптик ишке даяр жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү. Окуу жайды аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөргө областын, Кыргыз Республикасынын жана КМШнын алдыңкы дарыканаларына жана фармацевтикалык ишканаларына, дарылардын сапатын көзөмөлдөө борборлоруна жана илимий-изилдөө институттарына ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен «Фармацевт» квалификациясы ыйгарылат.
Учурда фармацевттин кесиби эң келечектүү жана суроо-талапка ээ болуп эсептелет. Өлкөнүн калкынын өсүшү, күтүлгөн өмүрдүн узактыгы жана элдин жыргалчылыгынын жакшырышы акыр аягында саламаттыкты сактоого кеткен чыгымдардын тездик менен өсүп жаткандыгына алып келет. Бул чыгымдардын олуттуу бөлүгү фармацевттер тарабынан ойлоп табылган, изилденген, өндүрүлгөн жана сатылган дары-дармектерге таандык.
Окуу лабораториялары, окуу кабинеттери, борборлор
1. Лекция залы
2. Фармацевтикалык химия
3. Органикалык эмес химия жана жаңы заттардын синтези боюнча окуу-изилдөө лабораториясы
4. Токсикологиялык химия
5. Медицина технологиясы
6. Информатика кабинети
7. Фармацияны башкаруу жана экономикасы
8. Органикалык химия лабораториясы
9. Окуу-методикалык кабинет
10. Фитолаборатория
11.Фармакология
12. Аналитикалык химия
13.Фармацевтикалык менеджмент жана маркетинг
14.Фармакогнозия
15. Дары-дармек каражаттарынын сапатын көзөмөлдөө
Кафедранын профессордук-окутуучулар курамы
Бүгүнкү күндө кафедранын штатында 1 профессордун м.а., химия илимдеринин доктору, 2 доцент, илимдин кандидаттары, 3 улук окутуучу, 3 окутуучу.
Аты, жөнү | Билими, адистиги | Кызматы | Окумуштуулук даражасы, наамы, илимий макалалары |
Абу Бакар С. | Жогорку, Бангладеж мамлекеттик университети, 2014. | Окутуучу | Institute : State University of Bangladesh, Dhaka Passing Year : 2014 Achievement: CGPA 3.11 (out of 4.00) |
Асилбек кызы Зарылкан | Жогорк, ЖАМУ, 2014. Адистиги Химия мугалими | Окутуучу | |
Бечелова Айгул Тыныбековна | Высшее, ЖАМУ,2000. Адистиги Химии мугалими, квалификациясы Дипломдуу адис. | Улук окутуучу | https://scholar.google.com/scholar?q=%D0%B1%D0%B5%D1%87%D0%B5%D0%BB%D0%BE%D0%B2%D0%B0+%D0%90%D0%B9%D0%B3%D1%83%D0%BB&hl=ru&as_sdt=0,5&authuser=1 |
Жусубалиев Тайтокур Жороевич | Жогорку, Витеб медициналык институт, 1991.Адистиги Фармацевт | Улук окутуучу | |
Орозматова Алина Исраилбековна | Жогорку, ОшМУ, 2011. Адистиги Химия мугалими | Окутуучу | https://istina.ipmnet.ru/publications/article/473682520/ |
ОсмоноваБактыгулМомуновна | Жогорку, ЖАМУ, 1997 ж., 2000 ж.Адистиги Биология | Каф.башчысы,доцент | К.с.х.н. https://scholar.google.ru/citations?view_op=list_works&hl=ru&hl=ru&user=QWhEyEQAAAAJ |
РазыковаНасибаханХайридиновна | Жогорку, ТашФарМИ, 1986. Адистиги Провизор | Улук окутуучу | . https://istina.ipmnet.ru/publications/article/473682520/ |
Раззаков АзизбекКокоевич | Жогорку, КМИ, 1992. Адистиги Фармацевт | Доцент | К.фарм.н.https://elibrary.ru/item.asp?id=49450493 |
ЭрназароваБактыгулКочкорбаевна | Жогорку, ЖАМУ, 1997 г. 2000 Адистиги Химия | Профессордун м.а. | Д.х.н. https://scholar.google.ru/citations?hl=ru&user=hxJMSfcAAAAJ&view_op=list_works |
Кафедрада жогорку квалификациялуу, тажрыйбалуу, илимий жана практикалык иштерде чоң тажрыйбасы бар, кесиптик негизги билими бар окутуучулар иштешет. Окутуучулардын олуттуу бөлүгү кафедранын профилине ылайык келген окуу, усулдук жана илимий-изилдөө иштерин активдүү жүргүзүшөт.
Методикалык иштер
Методикалык иш – окуу-методикалык документациянын окуу процессин камсыз кылууга, мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин жогорулатууга, окуучулардын аудиториялык жана өз алдынча иштерин жакшыртууга, окуу-тарбия иштеринин бардык формаларын, түрлөрүн жана ыкмаларын өркүндөтүүгө багытталган чаралардын комплекси. Методикалык иштин негизги максаты – окуу процессинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү шарттарды түзүү.
Окуу процессинде заманбап активдүү жана интерактивдүү окутуу технологиялары колдонулат (тренингдер, бизнес оюндар, талкуулар, презентациялар ж.б.) Кафедрада электрондук басылмалар, заманбап программалык иштелмелер, компьютердик техникалар (проектор, интерактивдүү доска ж.б.) бар.
Кафедранын окутуучулары билим берүү процессине инновациялык билим берүү технологияларын киргизишет, алар студенттерде билим берүүнүн заманбап компетенттүүлүк-багытталган моделине ылайык келген көндүмдөрдү, жөндөмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүүнү жөнгө салышат.
Илимий изилдөө иштери (ИИИ)
Изилдөө иштери
Кафедранын негизги илимий багыттары:
• Кыргызстандагы дары өсүмдүктөрдүн химиялык курамын аныктоо;
• Табигый йодополимерлер. Эндемикалык богоктун алдын алуу жана органоселений кошулмаларынын синтези;
• Углеводдордун негизинде дарыларды синтездөө жана алардын физика-химиялык касиеттерин изилдөө;
• Айлана-чөйрөнүн булганышы жана анын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөө.
Фармация кафедрасында окутуучу Н.Х. Разыкованын жана химия илимдеринин доктору, профессордун м.а. Б.К. Эрназарованын жетекчилиги астында Фитофармацевт жана А.Карбеков атындагы физика-химиялык анализ илимий лаборатория уюштурулган:
2017-2018-окуу жылында сынактын жыйынтыгында лаборатория «Мыкты илимий лаборатория» номинациялары боюнча 1-орунду ээлеп, ЖАМУнун администрациясы тарабынан акчалай сыйлык менен сыйланган. Лабораторияда студенттер жана аспиранттар илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыгы боюнча 1 кандидаттык, 1 докторлук диссертация ийгиликтүү корголгон. Учурда 2 изденүүчү х.и.д., проф. м.а. Б.К. Эрназарованын жетекчилиги астында дары-дармектердин синтези багытында илимий иштерин жүргүзүп жатышат.
2018-2019-окуу жылында Фитофармацевт илимий лабораториясы ЖАМУнун 95 жылдыгына арналган «Мыкты лаборатория» кароо-сынагына катышып 2-орунга ээ болду.
Кафедранын мүчөлөрүнүн республикалык илимий журналдардын (анын ичинде РИНЦ журналдарга, Жогорку аттестациялык комиссиянын тизмесине жана Scopus эл аралык реферат базасына кирген) илимий басылмаларында, кээ бирлери чет элдик журналдарда, эл аралык конференциялардын жыйнактарында макалалары чыккан.
Ошондой эле биологиялык активдүү кошулмалардын синтези боюнча изилдөөлөрдүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын 7 патенти алынган. Беш жылдын ичинде кафедранын кызматкерлери тарабынан 150гө жакын илимий макалалар, Кыргыз Республикасынын 9 патенти алынган, 3 монография жарык көргөн.
2015-жылы профессордун м.а. Б.К. Эрназарова Кыргызпатент тарабынан уюштурулган Кыргызстандын ойлоп табуучулары арасында өткөн “Идеялар жарманкеси” инновациялык долбоорлор сынагында 1-орунду ээлеп, акчалай сыйлык менен сыйланган.
2015-жылы профессордун м.а. Б.К. Эрназарова Корея Эл аралык Аялдардын ойлоп табуу көргөзмөсүндө (Корея, Сеул) эл аралык сынакта дары синтези тармагындагы ойлоп табуусу үчүн “Алтын медаль” менен сыйланган.
Студенттердин илимий-изилдөө иштерине катышуусу, сапатын жогорулатуу, келечектеги адистерди даярдоонун милдеттүү элементи болуп саналат жана окуу процесси менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт. Бул принципти ишке ашыруу үчүн кафедра студенттердин илимий иштеринин ар кандай формаларын колдонот.
Мугалимдер студенттерди жыл сайын факультеттеги, университеттеги жана республикалык сынактарга катышууга даярдашат. Студенттер Эл аралык жана республикалык конкурстардын, форумдардын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери болуп, дипломдор, сертификаттар менен сыйланышкан, алардын эмгектери конференциянын материалдарынын жыйнактарында, анын ичинде ISBN жыйнактарында басылып чыккан.
* журналдарда жарыяланган макалалар (анын ичинде Scopus эл аралык реферативдүү маалыматтар базасында, Жогорку аттестациялык комиссиянын тизмесинде, РИНЦ журналдарында - 100)
* монографиялар - 3
* патенттер жана расмий маалыматтар базалары - 9
* корголгон кандидаттык диссертациялар – 2
* корголгон докторлук иш – 1
Студенттик изилдөө иштери (СИИ)
Жаш адистердин жана окумуштуулардын илимий ишке катышуусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Мыкты бүтүрүүчүлөр аспирантурада окуусун улантып, диссертацияларды ийгиликтүү жактап, кафедранын окутуучуларынын катарын толукташат.
Студенттердин илимий-изилдөө иштери (СИИИ) окуу процессинин ажырагыс компоненти катары квалификациялуу адистерди даярдоонун милдеттүү, ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Студенттердин изилдөө жөндөмдөрүн өнүктүрүү 1-курста башталат. Бардык курстардын студенттери кафедрада өтүп жаткан «Фармацевт-аналитик» жана «Олимп» ийримдеринде илимий иштерге тартылышат. Кафедранын студенттери жыл сайын облустук олимпиадаларга жана илимий конференцияларга ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды багындырып келишет
2015-жылы окуудагы мыкты жетишкендиктери жана университеттин коомдук иштерине активдүү катышкандыгы үчүн студент Топчубаева Гүлзина Президенттик стипендияга ээ болгон.
Конференцияларга, симпозиумдарга жана семинарларга катышуу
• К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына арналган «Ааламдашуу жана интеграциянын заманбап шарттарында илим менен билимдин гармонизациясы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция.
• Эл мугалими, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Б. Бекбоевдин 85 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция. Бишкек, 8-9-октябры, 2015-жыл.
• Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Б. Мурзубраимовдун 75 жылдык мааракесине арналган «Азыркы ааламдашуу шарттарында илим менен билимдин ролу» эл аралык илимий конференция. 12-декабрь, 2015-жыл.
• КР УИА мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор Э.М. Мамбетакуновдун 70 жылдыгына арналган «Мектепте жана университетте окуу процессинин актуалдуу проблемалары» аттуу илимий-практикалык конференция. Бишкек, 6-ноябрь, 2016-жыл.
• «Заманбап илимди өнүктүрүүнүн теориялык жана практикалык проблемалары» аттуу XI Эл аралык илимий-практикалык конференция. Махачкала: "Апробация" борбору, 2016-жыл.
• «21-кылымдагы заманбап илимдин актуалдуу проблемалары». XII Эл аралык илимий-практикалык конференция, Махачкала, 2016-жыл.
• «Химиянын жана химиялык технологиянын азыркы проблемалары. Табигый жана гуманитардык илимдердин актуалдуу проблемалары». Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер Д.Т. Алтыбаеванын 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция. 27.11.2017-жыл.
• “Күчтүү университет – өнүккөн аймак, кубаттуу өлкө” Эл аралык илимий-практикалык конференция. 28.04.2018-жыл.
• Ниязалиев окуулары: “Илимдин өнүгүүсү, көйгөйлөрү, келечеги” 12.12.2018-жыл.
• «Н.М. Пржевальский жана Кыргызстан: тарых жана азыркы заман», улуу орус саякатчысы жана натуралистинин 180 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция. 12.04.2019-жыл.
• Бекбоев окуулары, Илимий-практикалык конференция. 31.05.2019-жыл.
• Жашыл климаттык фонду (GCP/KYR/017/GCR) менен кызматташуунун потенциалын бекемдөө жана стратегиялык негизди өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү. Бишкек, 2019-жыл.
• «Адам жана медицина» 17 XXIV орус улуттук конгресси. Күбөлүк 001359.
• Үзгүлтүксүз медициналык билим берүүнүн негизги принциптерин кайра иштетүү моделин ишке ашыруунун алкагында окутуу жана «Клиникалык химиотерапевттердин жана микробиологдордун альянсы» Эл аралык коомдук уюму тарабынан 16 кредит алынган. Жеке тастыктоо коду X69A-FQR3ZROG. 2017 (Москва);
• Шишикке каршы жаңы ата мекендик дарылар жана медициналык технологиялар. 2018 (Москва шаары);
• Илим жана билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу. 2020 (Үрүмчү, Сиань).
• «Инновациялык менеджменттин негиздери. Инновациялык долбоорлорду башкаруу» 72 саат өлчөмүндө (Москва шаары);
Кафедранын илимий иштери
Кафедра профессордук-окутуучулук курамынын активдүү илимий-изилдөө иштерин жүргүзөт. Профессордук кадрлардын илимий эмгектеринин темпи жыл сайын өсүп, ата мекендик жана чет элдик илимий басылмаларда мугалимдердин макалаларынын жарыяланышы көбөйүүдө.
Илимий басылмалар:
1.Осмонова Б.М. https://scholar.google.ru/citations?view_op=list_works&hl=ru&hl=ru&user=QWhEyEQAAAAJ
2. Эрназарова Б.К. https://scholar.google.ru/citations?hl=ru&user=hxJMSfcAAAAJ&view_op=list_works
3. Раззаков А.К. https://elibrary.ru/item.asp?id=49450493
4. Бечелова А.Т. https://cyberleninka.ru/article/n/soderzhanie-makro-i-mikroelementov-v-listyah-oreha-gretskogo-juglans-regia-l-yuzhnyy-kyrgyzstan/viewer
5. Разыкова Н.Х. https://istina.ipmnet.ru/publications/article/473682520/
6. Орозматова А.И. https://istina.ipmnet.ru/publications/article/473682520/
Тарбиялык иштер
Студенттер менен иштөөнүн эң маанилүү компоненттеринин бири бул топтордогу көзөмөлдүк иш. Анын максаты студенттердин университетте окууга ыңгайлашуусуна жардам берүү, студенттердин өз алдынча жана чыгармачылык ишин өнүктүрүү, студенттердин студенттик жамааттан өз ордун таап, коомдук турмушка ыңгайлашуусу үчүн бардык шарттарды түзүү болуп саналат.
Бардык мугалимдер куратор болуп, кураторлордун иш пландарына ылайык иш алып барышат. Студенттик топтор менен жума сайын куратордук сааттар өткөрүлөт, анда студенттердин сабакка катышуусу жана учурдагы көрсөткүчтөрү талкууланат, студенттер менен тематикалык баарлашуулар, талкуулар, тегерек столдор өткөрүлөт. Ачык билим берүү иш-чаралары практикаланат. Кураторлор студенттерди факультеттин жана университеттин ар кандай маданий иш-чараларына – спартакиадага, сынактарга, конкурстарга жана башкаларга активдүү катышууга тартат.
Практика жана квалификацияны жогорулатуу
Төмөнкү адистиктер боюнча практиканы жана квалификацияны жогорулатуу циклдери:
* Сертификат EVL 19/D «Билим берүү программаларын аккредитациялоо» программасы боюнча окуу курсу, университеттин өзүн өзү баалоосу. 2019 (Жалал Абад);
* Сертификат. «Көз карандысыз уюмдун эксперттерин даярдоо» тренинги. 2019 (Ош шаары);
* Сертификат. Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору. Улуттук семинар (координаторлор). -2017 (Бишкек ш.);
* XXIV орус улуттук конгресси «Адам жана медицина». Сертификат 001359. Үзгүлтүксүз медициналык билим берүүнүн негизги принциптерин иштеп чыгуу моделин ишке ашыруунун алкагында окуу жана «Клиникалык химиотерапевттердин жана микробиологдордун альянсы» Эл аралык коомдук уюму тарабынан 16 кредит алынган. Жеке тастыктоо коду X69A-FQR3ZROG. 2017 (Москва);
* Квалификациясын жогорулатуу жөнүндө күбөлүк 77 2404704661. Рег. Номер У-11-16-29. «Инновациялык менеджменттин негиздери. Инновациялык долбоорлорду башкаруу» 72 саат өлчөмүндө (Москва шаары);
* Сертификат. Жаңы ата мекендик шишикке каршы дарылар жана медициналык технологиялар. 2018 (Москва шаары);
* Сертификат №4651. Илим жана билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу. 2020 (Синьцзян университети, Кытай).