1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 дней назад

31

Фармацмя адистигинин студенттери академиялык мобилдүүлүктүн алкагында илимий- изилдөө лабораторияларына барышты 

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медицина институтунун фармация адистигинин Фарм-1-22 тайпасынын студенттери үчүн б.и.к. Бечелова Айгүл Тыныбековнанын жетекчилиги астында Кыргыз-Түрк Манас университетинин химиялык инженерия жана биология бөлүмдөрүнүн илимий-изилдөө лабораториялары менен таанышуу максатында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окуу-таанышуу сапары уюштурулду. Сапардын жүрүшүндө студенттер лабораториялардын ишмердүүлүгү, заманбап илимий жабдуулар жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу кеңири маалымат алышты. Ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучу-профессорлору тарабынан конок лекциялар уюштурулду.

Профессор, х.и.к. Салиева Калипа Талипбаевна «Кыргызстандын дары өсүмдүктөрүн экстракциялоо методдору жана алардын биологиялык активдүүлүгү, химиялык курамы», профессор, т.и.к. Боркоев Бакыт Маметисакович «Медицинада колдонулган биополимерлер», ал эми доцент, PhD доктору Эмил Өмүрзак уулу «Нанобөлүкчөлөрдүн антибактериалдык жана антимикробдук касиеттери» темаларында лекцияларды окушту.

Мындан тышкары, студенттер профессор Омур Арас жетектеген илимий-изилдөө лабораториясында болуп, лабораториянын ишмердүүлүгү жана андагы заманбап приборлордун иштөө өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Аталган иш-чара студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүүгө, илимий изилдөөлөргө болгон кызыгуусун арттырууга жана эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.