1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

19

Академиялык мобилдүүлүк алкагындагы тажрыйба алмашуу

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен Эл аралык медициналык университетинин ортосунда түзүлгөн кызматташтык келишиминин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Аталган программанын алкагында 2026-жылдын 20-23-май күндөрү окуу-усулдук иштер боюнча тажрыйба жана маалымат алмашуу максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун фармация кафедрасынын окутуучулары - доцент, биология илимдеринин кандидаты Бечелова Айгүл Тыныбековна жана улук окутуучу Разыкова Насиба Хайридиновна Эл аралык медициналык университетинин фармация кафедрасында болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө окутуучуларды фармация факультетинин деканы, кафедра башчысы, фармацевтика илимдеринин кандидаты, доцент Абдуллаев Жумадил Нишанбаевич кабыл алды. Академиялык мобилдүүлүктүн алкагында окутуучулар студенттерге лекциялык жана практикалык сабактарды өтүшүп, заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу боюнча тажрыйба бөлүштү. Ошондой эле окуу процессин уюштуруу, билим берүү программаларын өркүндөтүү жана фармацевтикалык билим берүүдөгү актуалдуу маселелер боюнча кеңири маалымат алмашуу жүргүзүлдү.

Мындай академиялык мобилдүүлүк программалары жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдеп, окутуучулардын кесиптик тажрыйбасын жогорулатууга жана билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.