1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Медициналык институт
  4. Фармация кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 часа назад

7

Фармацевт студенттердин өндүрүштүк практикасы 

«Дары каражаттарынын технологиясы» дисциплинасы боюнча өндүрүштүк практика болочок фармацевтика тармагынын адистерин кесиптик жактан даярдоодогу маанилүү этаптардын бири болуп саналат. Фармация ББ программасынын окуу графигине ылайык, Фарм-1-22 тайпасынын студенттери үчүн өндүрүштүк практика 4 жумага каралган.

2026-жылдын 14-майынан 23-майына чейин студенттер Бишкек шаарындагы «Биовит», «Арония» жана «Айдан Фарм» ЖЧКларынын фармацевтикалык ишканаларында практика жетекчилери - улук окутуучу Разыкова Н.Х. жана доцент Бечелова А.Т. менен биргеликте өндүрүштүк практикадан өтүштү.

Практиканын жүрүшүндө студенттер дары каражаттарын өндүрүүнүн заманбап технологиялары, технологиялык процесстин этаптары жана продукциянын сапатын көзөмөлдөө системасы менен таанышып, фармацевтикалык ишканаларда практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Ишканалардын адистери өндүрүштүк цехтер боюнча экскурсия уюштуруп, кесиптик тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Заводдордун жетекчилиги студенттерди жылуу кабыл алып, практиканы ийгиликтүү өтүү үчүн бардык шарттарды түзүп беришти.

Өндүрүштүк практика теориялык билимдерди бекемдөөгө, практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана болочок фармацевттердин кесиптик даярдык деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Учурда студенттер өндүрүштүк практиканы Манас шаарындагы ооруканалардын дарыканаларында - №895, №86 жана №4 дарыканаларында улантууда.