“Чоңдорго билим берүү”

“Чоңдорго билим берүү” фестивалынын алкагында Фармация кафедрасы өзүнүн атайын бурчун уюштуруп, фитопрепараттарга арналган көргөзмө менен катышты. Илим менен табийгаттын айкалышын чагылдырган бул бурч көрүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.
Кафедранын окутуучулары жана студенттери дары чөптөрдөн жасалган табигый препараттар тууралуу маалымат берип, алардын пайдасы, колдонуу тартиби жана коопсуздугу боюнча кеңири түшүндүрмө беришти. Ар түрдүү чөптөрдүн кургатылган түрлөрү, тундурмалары жана майлары көрсөтмө түрүндө коюлуп, келген коноктор алар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Фестивалдын жүрүшүндө кафедранын бурчу жергиликтүү тургундардын, мугалимдердин жана студенттердин жигердүү катышуусу менен жандуу атмосферада өттү. Бул – билим берүү менен саламаттыкты сактоонун өз ара байланышын көрсөткөн мыкты үлгү болду.